2024-жылдын 18-март күнү ректораттын жыйындар залында окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш Бексултанов Япониянын Канадзава университетине 6 ай жана 1 жылдык мөөнөткө окууга кетип жаткан эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери жана алардын ата-энеси менен жолугушту.
Проректор балдарына шарт түзүп берип жаткан ата-энелерге ректораттын жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, студенттердин Японияга аман-эсен барып, татыктуу билим алып келишин каалады.
Белгилей кетсек, Японияда окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө сынактын негизинде эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин төмөндөгү студенттери ээ болушту:
- 6 айлык мөөнөткө: Маратбеков Калыс (4-курс), Чедырова Баина (2-курс)
- 1 жылдык мөөнөткө: Дилмуратова Малика (2-курс).
Узатуу аземине о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу, япон тили мугалими Жолболотова Майрам катышты.





