2024-жылдын 17-мартында «Ордо» фонду КУУнун инвестициялар бөлүмү менен биргеликте №5-жатаканасында (450 студент) жана №7-жатаканасында (400 студент) жашаган студенттерге ооз ачар уюштурду.

Инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова студенттерди Рамазан айы менен куттуктап, «Ордо» фондунун директору Марс Ибраевди тааныштырды. Марс Кайыпович да студенттерди Рамазан айы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады жана фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Иш-чара жакшы маанайда жыйынтыкталып, студенттер уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

(С) Шахзада Абдылдаева – КУУнун инвестициялар боюнча проректорунун референт-катчысы

Добавить комментарий