2024-жылдын 15-март күнү ректораттын жыйындар залында окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш Бексултанов академиялык мобилүдүлүк программасынын алкагында 2 жумага Коркыт ата атындагы Кызылордо университетине кетип жаткан студенттер менен жолугушту.

Проректор студенттерге аман-эсен барып, жакшы окуп келишин, Улуттук университетти жакшы жагынан көрсөтүп, терең билим, мол тажрыйбага ээ болуп келишин каалап, чет жакка чыккан сайын адамдын көз карашы өзгөрүп, улам бийиктиктерди багындурууга шыктанаарын айтты жана бул кыска мөөнөттүү программа болсо да, эффективдүү ыкма  экенин билдирди. Ал о.э. бул иш чара студенттерди бир семестрга окуп келүүгө адаптациялоо катары ишке ашырылып жатканын кошумчалады.  Жеӊиш Бексултанов студенттердин окуп келүүсүнө шарт түзүп берип жаткан ата-энелерине ректораттын атынан ыраазычылык билдирип коюусун студенттерге табыштады.

Кызылордо университетине география, экология жана туризм; математика жана информатика факультеттеринен жана юридика инстиуту менен компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунан тандалып алынган 10 мыкты студент жана 1 магистрант кетип жатат.

Алар Кыргыз улуттук университети менен Кызылордо университетинин ортосунда өткөн жылдын декабрь айында кол коюлган кызматташтык  боюнча меморандумда каралган академиялык мобилдүүлүк  программасы боюнча 19-марттан 31-мартка чейин Коркыт ата университетине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу процесси менен таанышып, окуп келишмекчи.

Эске сала кетсек, февраль айында Кызылордо мамлекеттик университетинен келген 9 студент аталган программанын алкагында Улуттук университетте эки жума окуп кетишкен.

Кызылордо университетинен кетип жаткан студенттер:

710400 «Программалык инженерия» багыты боюнча

  • Кубанычбекова Аяна Кубанычбековна (ПИ-21 группасынын студенти, 3-курс)
  • Амантурова Керемет Омуркановна (ПИ-21 группасынын студенти, 3-курс)

571200 «Музей таануу жана маданий жана табигый мурас объектилерин коргоо” багыты боюнча:

  • Дурусубеков Адилет Бакытбекович (МОКН(б)-22 группасынын студенти, 2-курс)
  • Бакирдинов Самидин Арзидинович (МОКН(б)-22 группасынын студенти, 2-курс)

530500 «Юриспруденция» багыты боюнча:

  • Сапарбаев Актан Нурматбекович (ПД(к) (б)-21 группасынын студенти, 3-курс)
  • Мукаш уулу Эдилбек (СД(б)-22 группасынын студенти, 2-курс)

550700 «Педагогика» багыты боюнча (профиль: Башталгыч класстарда сабак берүү)

  • Жанжигитова Айсезим Абдимиталиповна (Пед(б)-22 группасынын студенти, 2-курс)
  • Мусирмонкулова Клара Алибоевна (Пед(б)-22 группасынын студенти, 2-курс)

510100 «Математика» багыты боюнча:

  • Анварбек кызы Нурайым (МБ-21 группасынын студенти, 3-курс)
  • Жоомарт кызы Айпери (МБ-21 группасынын студенти, 3-курс)

600200 «Туризм» багыты боюнча:

  • Токтогулов Рыскулбек Азисмаметович (МТР(м)-22 группасынын магистранты, 2-курс).

Добавить комментарий