2024-жылдын 14-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Бишкек шаарынын ЖОЖдору жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук 2024» Спартакиадасында байгелүү орундарды ээлеп келген окутуучуларга жана волейбол боюнча “Ректордун кубогу 2024” утуп алуу үчүн болгон турнирдин жеңүүчүлөрүнө ректораттын жана жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин  ыраазычылык катын тапшыруу аземи болду.

Иш чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып,  “Спорт – бул ден-соолуктун булагы, сергек жашоону, денени чымыр алып жүрүүгө тарбиялайт. Андыктан силерге ар дайым колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. Алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди жарата беришиңерге тилектешмин”,- деди жана уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

Бишкек шаарынын ЖОЖдору жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук 2024» Спартакиадасында байгелүү орундарды ээлеп келген окутуучулар:

I орун, стол тенниси (эркектер): Сүйүмбаев Руслан, Бакамбаев Азис.

II орун, стол тенниси (аялдар): Токонова Гулзат, Койчиева Айнура, Джунушева Бакыт.

Машыктыруучусу – Токонова Гулзат

I орун, тогуз – коргоол (эркектер): Айтпай уулу Бердигул, Ташбеков Абубакир, Дүйшөнакунов Мураталы, Мамбеталиев Руслан.

III орун, тогуз -коргоол (аялдар): Николаева Лариса, Бакирова Элизат, Орокбаева Жазгүл, Исмаилова Жазгүл.

Машыктыруучусу – Султанмуратова Нурия

III орун, волейбол  45 жаштан жогору (эркектер): Джангазиев Серик, Асаналиев Жылдызбек, Турдубаев Алмаз, Мусакулов Тайырбек, Салейдинов Калдыбай, Искаков Издебалды, Каштабаев Абдилатип, Жалилов Бектур, Кыдыралиев Алмаз, Жусубалиев Абдикайым.

Машыктыруучусу – Кокчолоков Нургазы

II орун ,волейбол  45 жаштан жогору (аялдар): Баяманова Джийдебүбү, Кулболдиева Кипариса, Чонмурунова Нуржамал, Абдимомунова Апал, Куртубаева Нурипа, Жаныбекова Кайрыкан, Жапсарбаева Назира, Абакирова Гүлзат, Абдиева Фарида, Базарканова Салима.

Машыктыруучусу – Мурзатаева Миргуль

III орун, футбол 45 жашка чейин (эркектер): Дуйшенов Рахат, Джундубаев Азим, Мукамбетов Улук, Шарипов Аскар, Гривцов Никита, Муратбеков Айдарбек, Болотбеков Калыс, Усенов Улан, Саадабаев Жоомарт, Уланбеков Эргелди, Эрмамбетов Шабдан.

Машыктыруучусу – Дуйшенов Рахат

II орун, шахмат (эркектер): Турдумамбетов Максат, Сандыбаев Жекшен, Темиров Назар.

III орун, шахмат (аялдар): Сыдыкова Гулбара, Эшанкулова Шахрезада, Кабылова Света.

Машыктыруучусу – Базакечев Тугелбай

III орун , ордо: Кобошов Бакытбек, Аарыналиев Мирбек, Рыскулов Амангельды, Айталиев Эламан, Боронбаев Кубанычбек, Чубаков Тыныстан, Чунгулов Жолдошбек, Керимбеков Чынгыз.

Машыктыруучусу – Кобошов Бакыт

2024-жылдын 26-февралында 6А-окуу имаратынын спорт залында Улуттук университеттин студенттери арасында волейбол боюнча “Ректордун кубогу 2024” утуп алуу үчүн турнир башталып, 2-мартта турнирдин жыйынтыгы чыкты. Турнирге жалпысынан балдардан18 команда, ал эми кыздардан 20 команда болду.

Балдар командасы боюнча:

I орун – Юридикалык колледжи;

II орун – Юридикалык институту;

III орун – И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту.

Кыздар командасы боюнча:

I орун – Журналистика жана коммуникация институту;

II орун – Кыргыз Европа факультети;           

III орун – №5-жатакананын кыздар командасы.

Белгилей кетсек, аталган турнирде I орунду ээлеген балдар жана кыздар командаларына кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков 5000 (беш миң) сомдон 10000 (он миң) сомго чейин акчалай сыйлык ыйгаруу менен бирге жеңүүчүлөрдү куттуктап, ийгилик каалады.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын 27-29-февраль күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн “Комбат Джиу-Джитсу” боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген студенттерге ыраазычылык кат тапшырылды. Алар төмөнкүлөр:

  • II орун: Кубанычбек кызы Жаннета-Кесиптик колледжинин 1-курсунун студенти (74кг);
  • II орун: Курманова Райхон-Кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти (68кг);
  • II орун: Эргешбаева Жибек-Кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти (56кг);
  • III орун: Исманов Алишер-Биология факультетинин 3-курсунун студенти (62кг);
  • III орун: Кочконбаев Дурус-Кыргыз Кытай  факультетинин 2-курсунун студенти (57кг);
  • III орун: Зулумов Бектур-Чет тилдер факультетинин 3-курсунун студенти (67кг).

Машыктыруучусу – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу : Бакыт Кадыров.

(С) Турсуналиев Санжар – дене тарбия жана спорт боюнча бөлүм башчысы

Добавить комментарий