2024-жылдын 14-мартында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жайгашкан №7-окуу имаратында студенттердин кыргыз элинин улуттук маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу, маданий мурастарын жайылтуу жана комузда ойноого үйрөтүү максатында “Жаш кыял” ийрими ачылды.

Бул идеяны ишке ашырууга КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков көмөк көрсөтүп, профсоюздун атынан 10 (он) даана комуз алып берди.

Ийримдин ачылышында К.С.Жумабеков сөз сүйлөп, студенттерди окуу жайыбыздын маданият тармагын өнүктүрүүгө, чоң-чоң   бийиктиктерге жетүүгө өз салымдарын кошууга үндөдү. Жаштар департаментинин директору Алмаз Кадыр уулу КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасына ыраазычылыгын билдирип, жаңы ачылган ийримдин мүчөлөрү “Алтын балалык” күүсүн чертип беришти.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий