2024-жылдын 6-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу институту менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгү биргелешип уюштурган “Кыргызстан жана Иран коомдорундагы аялдардын орду жана ролу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Иш чараны институттун директору Туратбек Сырдыбаев ачып,  Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хосейн Ядегариге сөз берди. Элчи мырза бүгүн Улуттук университетке маектешүүнү каалап келгенин айттып, исламдагы аялдардын ролу тууралуу дарс окуду жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Мехдие Мохаммадтагы Заде – Алламех Табатабайи университетинин доктору: “Иран аялдарынын акыркы 40 жыл ичиндеги илимий жана практикалык жетишкендиктери”;
  • Жалиева Багайым Самидиновна – т.и.к., Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти: “Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын дипломатиялык байланыштарынын калыптанышы жана өнүгүшү”;
  • Асанов Темиркул Ишекеевич – Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент: “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы иран тилдүү тархый булактарда”;
  • Исабекова Мархамат Исабековна – т.и.к., Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти: “Ирандын тарыхынын урунтуу учуулары”;
  • Шаршенова Токтобүбү – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти: “Кыргызстандын экономикасына аялдардын кошкон салымы”;
  • Асипбаева Майрамкүл Бейшенакуновна – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент: “Кыргызстандын илим жана билим берүү системасындагы аялдардын орду”.

Голам Хосейн Ядегари мырза студенттердин суроолоруна жооп бергенден кийин, директор Туратбек Сырдыбаев маанилүү жана маңыздуу лекциясы үчүн ага терең ыраазычылык билдирди.

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий