2024-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга пландары боюнча коллегия болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын баардык чөлкөмдөрүнөн келген үч жүздөн ашуун билим жана илим тармагынын өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министри Догдүргүл Кендирбаева жана Улуттук университеттиин ректору Төлөбек Абдырахманов конокторду тосуп алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Улуттук университетте 2023-жылы болгон өзгөрүүлөр жана аткарылган иштер тууралуу  маалымат беришти.

Коллегиянын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Догдүргүл Кендирбаева 2023-жылдагы ишке ашырылган жана 2024-жылда аткарыла турган иштер тууралуу презентация жасап, министрлик болгон күч-аракетин билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багыттап жатканын билдирди. Ал о.э. келечектеги аткарыла турган иштер, андагы көйгөйлөр жана жаӊылануулар жөнүндө айтып берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров алгач айымдарды келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, ден соолук жана иштерине ийгилик каалап өттү.

Акылбек Жапаров билим берүүнүн сапатын бардык сферада жакшыртуу, бөбөктөр үчүн бала бакчалардын санын көбөйтүү, мектеп окуучуларына кызыктуу программа түзүү, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн атайын окутууларды жүргүзүү,  мугалимдердин иштеши үчүн бардык шарттарды түзүү, ЖОЖдордо сапаттуу билим берүүнү заман талабына ылайык жүргүзүү, мыкты стартап идеяларын киргизүү зарылдыгын белгиледи. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт жана тез арада мектеп программаларын толук жакшыртуу аракеттерин көрүүнү тапшырды.

«Бизге билим берүү тармагында принципиалдуу өзгөрүүлөр керек. Биз ар бир студенттин потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бири Кудайдан келген таланттар. Мектептин жана бүткүл мамлекеттин милдети – ар бир окуучуга жеке мамилени табуу жана ага өзүн-өзү калыптандыруу үчүн бардык зарыл ресурстарды берүү. Адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз. Мамлекет башчы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги шарты – бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жаштарыбыздын билими менен жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу», – деди Акылбек Жапаров. Ал ЖОЖ жетекчилерине кайрылып, илим менен бизнести, өндүрүштү байланыштыруу маселесин баса белгилеп, статустуу ЖОЖдордон көптү күтөөрүн айтты.

Андан соӊ Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, азыркы кезде актуалдуу болуп жаткан жасалма интеллектти колдоно билүүнү жогорку окуу жайларда окутуп, жакшы натыйжаларга жетүүгө студенттерге жардамдашуу керектетигин, ошондой эле дүйнөлүк тилдерди сапаттуу окутуу зарылдыгын бул  эки нерсе билим берүү сапатын жакшыртуунун негизги бөлүгү экенин билдирди. Кыргызстандагы ЖОЖдоруна кайрылып, заман талабына жооп бере турган жаӊы адистиктерди киргизүүнү сунуштады.

Коллегиянын жыйынтыгында жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге да бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий