2024-жылдын 6-мартында Улуттук университетке Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хосейн Ядегари мырза келди. Ректор Төлөбек Абдырахманов менен болгон жолугушууда тараптар Элчилик менен КУУнун ортосундагы кызматташтык мамилелерди өркүндөтүүгө жана окуу жайда келечекте Иран борборун ачууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Жолугушууга о.э. Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков катышты.

Андан кийин, Иран элчиси тарых жана чөлкөм таануу институту менен таанышып, ТжЧТИ жетекчилери менен илимий-маданий жаатта кызматташуу боюнча маек курушту.

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрсынын окутуучусу

.

Добавить комментарий