2024-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган “Кош жылдыз” кароо-сынагы болуп өттү. Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган ыр майрамына экономиканын жогорку мектебинин, журналистика жана коммуникация институтунун, А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун, тарых жана чөлкөм таануу институтунун, кыргыз-кытай институтунун, физика жана электроника факультетинин, математика жана информатика факультетинин, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин жана юридикалык колледждин таланттуу окутуучулары менен студенттери катышты.

Сынактын калыстар тобунда Кыргызстанга белгилүү инсандар болушту:

  • Жылдызбек Турсунбаев – “Маданияттын отличниги” төш белгисинин ээси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу “Манас” радиосунун диктору;
    • Азиз Батыров – Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, “Ынтымак”  комузчу-дастанчылар тобунун көркөм жетекчиси;
    • Эльзар Өскөнбаева Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисткасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу;
    • Курманжан Адылбекова – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын директору;
    • Асылбек Асан – Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин музыкалык көркөм жетекчиси.

    Кароо-сынактын жыйынтыгында төмөндөгү жуптар даражалуу орундарга ээ болушту:

    • I орун: Касымкулов Келдибек менен Эсенгулова Айтунук (тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучусу менен 4-курс студенти);
    • II орун: Тыныбек кызы Айдана менен Ратбеков Ринат (физика жана электроника факультетинин лаборанты менен 2-курс студенти);
    • III орун: Джаныбекова Перизат менен Нурланов Нурсултан (журналистика жана коммуникация институтунун радио студиясынын адиси менен 3-курс студенти);
    • “Эң мыкты дуэт” номинациясы: Джаныш кызы Махабат менен Шамилов Хасан (А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун ага окутуучусуменен 3-курс студенти);
    • “Эң мыкты аткаруучу” номинациясы: Салейдинов Калдыбай менен Нурланбек кызы Гүлжан (математика жана информатика факультетинин “ДУ” кафедрасынын ага окутуучусу менен 1-курс студенти);
    • “Эң мыкты чыгарма” номинациясы: Базаралиева Жаңыл менен Маликов Акжол (кыргыз-кытай институтунун окутуучусу менен 1-курс студенти).

    Урматтуу “Кош жылдыз” кароо-сынагынын катышуучулары, сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Бардык катышуучулардын аракеттери жогорку деңгээлде болду.

     (С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

    Добавить комментарий