2024-жылдын 5-март күнү башкы имараттагы чон жыйындар залында экономиканын жогорку мектеби тарабынан уюштурулган кыз-жигиттердин “Сармерден” оюну болуп өттү. Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Жеӊиш Бексултанов ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Кыргыз улуттук университетинин кыздары менен Кувейт эл аралык университетинин жигиттеринин  ортосундагы оюн Сармердендин баардык эреже, шарттарына ылайык болуп, кызуу таймаш жүрдү: кыз-жигиттер ырдап, бийлеп, жаӊылмач жана табышмак айтып, күү чертип, салт көргөзүштү.

Оюнга манасчы Рыспай Исаков, журналист Бегалы Токтогулов жана филология илимдеринин кандидаты Назгүл Турдубаева калыстык  кылышып, жыйынтыгында Кыргыз улуттук университетинин кыздары 107 балл менен биринчи орунду ээлесе, 100 балл менен Кувейт эл аралык университетинин жигиттери экинчи орунга татыктуу болушту.

Иш чаранын соңунда жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин башчысы Алмаз Кадыр уулу сөз сүйлөп, Улуттук университеттин атынан Кувейт университетинин студенттерине ыраазычылык кат тапшырды. Жигиттерге о.э. ректордун атынан чакан белектер берилди.

Добавить комментарий