2024-жылдын 4-мартында санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин окутуучуларынын илимий-метрикалык көрсөткүчтѳрүнө арналган жыйын болуп өттү. Иш чараны ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, окуу жайдагы илимдин абалы, илим менен өндүрүштүн байланышы жана КУУнун грантына илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү тууралуу кириш сѳз сүйлөп, аталган багыттар боюнча иштерди тездетиш керек экендигин баса белгиледи. Төлөбек Абдырахманов о.э. илимге байланышкан маселелер боюнча катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйындын андан аркы бѳлүгүн илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев улантып, илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева Улуттук университеттин окутуучуларынын Scopus, Web of Science, РИНЦ сыяктуу маалымат базаларында индекстелген илимий журналдарда жарыяланган макалалары тууралуу баяндама жасады.

Чогулушка окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, о.э. факультеттердин декандары менен институттардын директорлору катышты.

Добавить комментарий