2024-жылдын 2-март күнү ректораттын жыйындар залында окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университетке келип, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда эки жумалык илимий стажировкадан өткөн Алматыдагы Туран университетинин 2-курс магистранттары Эльдар Мырзатайга жана Асанали Сансызбаевге тиешелүү сертификаттарды тапшырды.

Окуу башкармалыгынын башчысы диссертациялык ишке материал топтоо үчүн атайын Кыргыз улутттук университетин тандап келгендиги үчүн магистранттарга ыраазычылык билдирип, үйлөрүнө аман-эсен жетип алышын жана кең келечек каалады.

Магистранттар өз кезегинде эки жума аралыгында жакшы тайрыжба топтогондуктарын, Улуттук университетте аз убакыт болсо дагы билим алуу жаккандыгын айтышып, ыраазычылыктарын билдиршти.

Иш-чарага  компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директорунун орун басары Махабат Сыдыкова жана академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова  катышты.  

Белгилей кетсек, Казакстандан келген студенттер 2024-жылдын 19-февралынан 3-мартына чейин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда диссертациялык иштеринин темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Добавить комментарий