2024-жылдын 2-март күнү ректораттын жыйындар залында Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилүдүлүк программасынын алкагында Синьцзян педогогикалык университетинин коммерция институтуна окууга кетип жаткан студенттер менен жолугушту. 

Алгач, экономиканын жогорку мектебинин директору Эркин Кулова студенттер тапшырган программа, алардын даярдыгы тууралуу кыскача маалымат берип, андан соң студенттер өздөрүн тааныштырып өтүштү.

Ректор студенттерге аман-эсен барып, жакшы окуп келишин, Улуттук университетти жакшы жагынан көрсөтүп, терең билим, мол тажрыйбага ээ болуп келишин каалады.

Эскерте кетсек, экономиканын жогорку мектебинин студенттери Базарбаев Аслан, Тынчтык уулу Нурсултан жана Каназарова Айжибек атайын тандоо турунан  өтүп, 4 ай Кытайдан окуп келүү мүмкүнчүлүгүн алышкан.

Жолугушууга о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова, Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева, о.э. ЭЖМдин кызматкерлери катышты.

Добавить комментарий