2024- жылдын 28-февралында 6А-окуу имаратындагы спорт залда Улуттук университеттин студенттери арасында ректордун кубогун утуп алуу үчүн волейбол боюнча турнирдин балдар арасындагы таймашы жыйынтыкталды.

Турнирге жалпысынан 18 команда катышып, 4 команда байгелүү орундарга татыктуу болушту.

1-орунду юридикалык колледждин студентери багындырса, 2-орунду юридика институтунун балдары ээледи. 3-орунду И.Ч.Исамидинов атындагы педогогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенттери, ал эми 4-орунду физика жана электроника факультетинин студенттери багындырды.

Добавить комментарий