2024-жылдын 23 февраль күнү “Тартуга” эс алуу борборунда салтка айланып калган КУУнун бильярд боюнча ачык чемпионаты болуп өттү. Тарых жана чөлкөм таануу институту тарабынан уюштурулган турнирди институттун директору Туратбек Сырдыбаев жана негизги уюштуруучулардын бири доцент Алымбек Кушубеков ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Чемпионатка профессордук-окутуучулук курам, окуу башкармалыгы жана ректоранттын мүчөлөрү катышып, жалпысынан 28 оюнчу күч сынашты. Оюн кызыктуу жана шаңдуу маанайда өтүп, жыйынтыгында төмөнкү оюнчулар байгелүү орундарга ээ болуп грамота, медаль, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланышты:

  • 1-орун: Анарбек уулу Искендербек
  • 2-орун: Кушубеков Алымбек
  • 3-орун: Абдурасулов Айбек
  • 3-орун: Качкын уулу Алтынбек

Тарых жана чөлкөм таануу институту салтка айланган бул чемпионатты университеттин кесиптик коледжине эстафета катары салтанаттуу түрдө өткөрүп берди.

(С) Айдар Шейшенов- Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий