2024-жылдын 26-февралында 6А-окуу имаратындагы спорт залда Улуттук университеттин студенттери арасында ректордун кубогун утуп алуу үчүн волейбол боюнча турнирдин ачылыш аземи болду.

Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов ачып, бардык катышуучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Турнирдин ачылыш аземи чакан концерттик программа менен коштолду.

Ректордун кубогу утуп алуу үчүн студент балдар арасында 18 команда ат салышып, учурда оюндар кызуу жүрүп жатат. Ал эми кыздар арасында 19 команда күч сынашып, балдардын оюну бүткөн соң мелдештер башталат.

Добавить комментарий