2024-жылдын 21-февраль күнү Өкмөт үйүнүн жыйындар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 15-16 – февраль күндөрү Улуттук университетте өткөрүлгөн Хакатондун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

1-орун«Silk Road» командасы

КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Маалыматтык коопсуздук” программасынын 3-курс студенттеринен түзүлгөн бул команда (куратору – Жадилов Бакир) “Тартылган сүрөттүн мазмунун аудио менен баяндоо (түшүндүрмө берүү)” программасын презентациялап, 1-орунду багындырды жана 50 миң акчалай сыйлык жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Команда мүчөлөрү: Маматкул уулу Эрадил, Артыкбаев Бексултан, Бекболотов Эрдан жана Туратбеков Султан.

2-орун: «ТесhDragons» командасы

И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттеринин командасы “Аудио жана видео файлдарды 70 тилден кыргыз тилине которуу” программасын (колдонмосун) презентациялап, 2-орунду ээледи жана 30 миң сом акчалай сыйлык жана 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

Команда мүчөлөрү: Метинов Адилет, Имамалиева Жумаида, Сатышова Тансулуу жана Арыстанбеков Айтбек.

3-орун: «DreamOn» командасы

Кыргыз-Түрк Манас университетинин 4-курс студенттеринин командасы “Google Chrome браузерине кыргыз тилиндеги тексттерди окутуу мүмкүнчүлүгү (plugin extension)” колдонмосун презентациялап, 3-орунга татыктуу болду жана 15 миң сом акчалай сыйлык жана 3-даражадагы диплом менен сыйланды.

Команда мүчөлөрү: Зулпукаров Асан, Уланбек уулу Айтемир жана Кумарбай уулу Бектемир.

Кызыктыруучу байге алган командалар:

  • IRUN EACH TEAM: Кубатбеков Абай, Асанов Айбек, Ларионов Артем, Джанышбекова Акмарал жана Шулудько Артем
  • Инновация командасы: Шадыбеков Санжар, Абдужапаров Арапбай жана Кадыров Темирлан
  • UNAI-0706204010: Токтогулов Уланбек, Жумадил уулу Алтынбек жана Маматова Нурайым
  • Команда I-HUB: Эстебес уулу Адилет, Абыкеев Данияр, Абыкеев Нурсултан, Бердибеков Нурболот, Кыпчакбаев Абдукарим
  • Команда Manas BM: Маданбеков Марсел, Маматазимов Амантур
  • Команда Solo: Арынов Актан
  • Команда Ийгилик: Раимбеков Абдинур, Касымов Адахан, Токтосунов Мирбек, Кочкаров Мухаммадкадыр.

Добавить комментарий