2024-жылдын 21-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, ардактуу академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече болуп өттү.

Жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, бүгүн Улуттук университетте абдан чоң, маанилүү жана салтанаттуу иш чара өтүп жаткандыгын, ага себеп “тамырлары Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Өзбекстанга чейин кетип, бутактагы мөмөлөрү элдин баарына жетип” турган Эсенбек агайдын 80 жылдык мааракеси экенин белгилеп, сөз кезегин илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеевге берди.

Ал Эсенбек Мамбетакуновдун өмүр жолу, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жана устаттыгы жөнүндө кыскача баяндама жасады.

Журналистика жана коммуникация институтунун алдындагы “Баласагын ТВ” студиясында тартылган “Табият сырын тыңшаган аалым” аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, ректор сөз кезегин куттуктоолорго берди.

Эсенбек Мамбетакунов агайды 80 жылдык мааракеси менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, академик Абдылдажан Акматалиев, Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков, Казакстандагы, Бишкек, Ош жана Баткен шаарларындагы жогорку окуу жайлардын, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, о.э. кесиптештери менен шакирттери куттукташты.

Салтанаттуу кеченин соңунда Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, ардактуу академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов чыгып сүйлөп, жыйынга келген жана куттуктоо сөздөрүн айткан конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Көрүнүктүү окумуштуу педагог Эсенбек Мамбетакунов 1944-жылдын 15-февралында Нарын областы, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1960-жылы Пограничник орто мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика жана математика факультетине окууга кирген. Аны 1965-жылы физика адистиги боюнча бүтүрүп, 1971-жылга чейин Ат-Башы айылында Ленин атындагы №2 орус орто мектебинде физика мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1971-73-жылдары Фрунзе Политехникалык техникумда окутуучу, 1973-76-жылдары Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда аспирантурада болгон, 1978-жылы Низами атындагы Ташкент педагогикалык институтунда Россия билим берүү академиясынын академиги, А.В.Усованын жетекчилиги менен кандидаттык диссертациясын, 1992-жылы 31-мартта ошол эле жерде докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, СССР ЖАКнын дипломуна ээ болгон. 1984-жылы доцент, 1994-жылы профессор, 2000-жылы УИАнын корреспондент мүчөсү окумуштуулук наамдар ыйгарылган. 1976-жылдан Кыргыз илим изилдөө институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, Кыргыз мамлекеттик университетинде улук окутуучу, доцент, профессор болуп иштеген. 1992-97-жылдары Кыргыз билим берүү институтунда директордун илимий иштери боюнча орун басары, Улуттук университетте илим изилдөө бөлүмүнүн башчысы, 1994-жылдан физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасын жетектейт.

Э. Мамбетакунов педагогдук ишин илим изилдөө менен айкалыштырып келет. Анын изилдөө ишинин эң маанилүү жыйынтыктары окуучулардын жана студенттердин табигый илимдер боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруунун бирдиктүү концепциясын түзүү, окуу процесинде предметтер аралык байланыштарды ишке ашыруунун дидактикалык функцияларын аныктоо, билимдердин сапатын аныктоонун интегралдык көрсөткүчүн табуу, окутуунун инсанга багытталган технологиясынын гумандуу интеграцияланган моделин түзүү жана башкалар менен аныкталат. Илимий эмгектери өзүнүн фундаменталдуулугу, методологиялык жактан тастыкталгандыгы, теориялык жактан жалпылангандыгы, практикалык маанилүүлүгү, колдонууга ыңгайлуулугу, оюнун кыскалыгы жана тактыгы менен айырмаланат.

Э. Мамбетакуновдун илимий изилдөө ишинин дагы бир багыты – Кыргыз Республикасында табият таануу, физика, астрономия боюнча билим берүүнүн мазмунун жаңылоо. Анын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен “Кыргыз Республикасында орто билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун концепциялары”, “Табигый билим берүүнүн предметтик стандарты”, “Табият таануу жана физика боюнча 5-11 класстардын программалары”, “Табият таануу 5” (кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде (1997, 2003, 2008, 2012, 2018, 2021), Физика 7, 8, 9 (1997, 2003, 2004, 2008, 2009, 2018, 2022, 2023) оригиналдуу окуу китептери жарык көрүп, мектептерде колдонулуп келет. Булар боюнча методикалык көрсөтмөлөр да мугалимдерге сунуш кылынган. Жогоркуу окуу жайлар үчүн “Педагогиканын негиздери”, “Азыркы табият таануунун концепциялары” аттуу окуу китеби жазылган.

Илимий педагогикалык ишинин башка бир багыты – жогорку окуу жайларында адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу маселеси. Бул боюнча мугалимдерди даярдоонун бирдиктүү концепциясы сунуш кылынган. Окутуучулар, мугалимдер, студенттер, аспиранттар үчүн бир нече атайын курстарды иштеп чыгып, аларды жогорку мектепте табигый-математикалык предметтерди окутуунун актуалдуу проблемалары” аттуу темадагы Республикалык илимий практикалык конференцияларды 1999-жылдан бери өткөрүп жүрөт. Алардын материалдары Э.Мамбетакуновдун жетекчилиги менен “КУУнун Жарчысы” катары басмадан чыгарылган. Жооптуу редактор катары “Астрономия” энциклопедиялык окуу куралын (2004), өз авторлугу менен “Физиканы окутуу теориясы жана практикасы” (2004), “Педагогикалык жогорку окуу жайларда физиканы окутуу” (2015), “Дидактические функции межпредметных связей в формировании у школьников естественно-научных понятий” (2015), “Педагогикалык изилдөөнүн методологиясы жана технологиясы” (2015), “От научных понятий до методологий педагогики” (2015), “Таалим тарбия процесси: теория, технология, практика” (2017) аттуу монографиялары жарык көргөн.

Э. Мамбетакунов 655 илимий, окуу методикалык эмгектердин, макалалардын автору. Анын ичинде 16 монография, 19 окуу китеби, 82 окуу-методикалык көрсөтмөлөр бар. Ал өзүнүн илимий мектебин түзүп алган. Жетекчилиги менен 11 докторлук, 26 кандидаттык диссертация корголгон. 1993-95, 2002-2003, 2011-2015, 2018-2022-жылдары педагогика боюнча докторлук диссертациялык кеңештин төрагасы катары эмгектенди. Көптөгөн илимдин докторлорун, кандидаттарын даярдоого белгилүү салымын кошуп, алардан ак тилегин, баалуу кеңештерин аябай келет. 1997-2010 – жылдары жана 2018-жылдан бери Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде физиканы окутуу теориясы жана методикасы адистиги боюнча докторлук жана PhD кеңештин мүчөсү, Казахстандан 3 илимдин кандидатын жана 3 PhD докторун даярдаган, “Физика 8” окуу китебин жазган. Эмгектерине КМШ өлкөлөрүндө да татыктуу баалар берилип, көптөгөн шилтемелер жасалат.

1985-жылдан 2000-жылга чейин окуучулардын физика боюнча республикалык олимпиадаларынын методикалык кеңешинин жана жюрисинин төрагасы, билим берүү министрлигинин физика жана астрономия боюнча окуу китептерин түзүүчү жамааттын башчысы, бир нечелеген редакциялык кеңештердин мүчөсү.

Илимге, педагогикалык ишке сиңирген өзгөчө кызматы үчүн Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын (1998), илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын (2004) ээси. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин агартуусунун отличниги. СССРдин, ВЦСПСтин, Республиканын билим берүү министрлигинин, Улуттук университеттин бир нечелеген Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” (2008), “Кыргыз тили” төш белгиси (2009) менен сыйланган. КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2022) наамына татыган. Улуттук университеттин мыкты лектору, мыкты изилдөөчүсү. Американын биографиялык институту “2002-жылдын Адамы” деген ардактуу наам, 2015-жылы Россия табигый илимдер академиясы “Табигый илимдер боюнча билим берүүнүн психодидактикасы” илимий мектептин негиздөөчүсү Ардак наамын берген. Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”, С.Нааматов атындагы Нарын, Ош, Талас мамлекеттик университеттеринин “Ардактуу профессору”.

Э.Мамбетакунов эң бай илимий эрудициясы, педагогикалык илимге жана практикага кошкон баалуу салымы Республиканын илимий чөйрөсүнүн, окутуучуларынын, мугалимдеринин, аспирант, изденүүчүлөрүнүн, студент жана окуучу жаштарынын урматтоосуна ээ болгон үчүн алар сыйлашат жана сыймыктанышат!

Добавить комментарий