2024-жылдын 20-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар залында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Иш-чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соӊ, сынакка келип түшкөн 10дон ашык видеороликтер көрсөтүлдү.

Философия илимдеринин доктору, профессор Аскар Бекбоев жетектеп, курамына теле алып баруучу, продюсер Мирхамид Токтогулов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын уюштуруу иштери бѳлүмүнүн адиси Нурлан Байчекиров, ИИМ академиясынын тилге даярдык кафедрасынын башчысы Каниет Шүкүров жана КУУнун мамлекеттик тил секторунун башчысы Динара Мырзагулова кирген калыстар тобунун чечими менен орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү.

Эң мыкты видеоролик” номинациясы боюнча:

  • 1-орун: физика жана электроника факультетине
  • 2-орун: журналистика факультетине
  • 3-орун: кыргыз-европа факультетине ыйгарылды.

Сынактын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн кыргыз филологиясы факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун  басары Актилек Солтоноев менен факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Айжан Кароловага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ардак грамотасы тапшырылды.

1-орунду ээлеген “Жусуп Баласагын түзгөн дүйнөнүнүн астрономиялык сүрөттөлүшү” аттуу ролик

  • Илимий жетекчиси: физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасын ага окутуучусу Абакир Калыбеков;
  • Сценарийин жазып, таркандар 4-курс студенттери: Тынчтыкбек уулу Урмат, Матраимова М., Алыгулова А., Эржигитова А. . Монтаждаган Жыргалбек кызы  Нуриза.

Добавить комментарий