2024-жылдын 19-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Германиянын «FAV Service gGMBH» компаниясынын башкаруучу директору Хайко Шулер мырза менен «Германияда кош кесиптик окутуу» трансулуттук долбоорунун жетекчиси Денис Невинский мырза Улуттук университеттин колледж жана лицейинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

Иш чараны эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков ачып, сөздү ректор Төлөбек Абдрахмановго берди. Ал студенттер үчүн жакшы  мүмкүнчүлүк түзүп берип, атайын маалымат берели деп келген конокторго ыраазчылык билдирип, студентерди активдүү катышууга чакырды.

Андан соӊ Денис Невинский мырза Германияда акысыз билим алуу жана ошол билим аркылуу жогорку маяналуу жумуш ордун табуу тууралуу баяндама жасап, кенен маалымат берди. Студенттер кызыктырган суроолорун берип, тийиштүү жоопторун угушту.

Иш-чара эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменти тарабынан демилгеленди.

Добавить комментарий