2024-жылдын 16-февраль күнү Хакатондун катышуучулары саат 15:00дөн 19:00гө чейин өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүштү. Калыстар тобу ар бир презентацияны дыкаттык менен угуп, көрүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Текстти үнгө айландыруу боюнча уюштурулган Хакатондун жыйынтыгы боюнча отурумдун протоколу.

Бишкек шаары. 16.02.2024

Катышкандар: Калыстар тобунун мүчөлөрү: М.Т. Окенов, У.Б. Баялиев, А.О Рыспаев, А.И. Супатаева.

Угулду:

  • Катышкан командалардын саны: 27 оффлайн, 8 онлайн, жалпы – 35
  • Баалоо кртитерийлери: продуктунун инновациялык мазмуну; продукттун даярдыгы; коюлган тапшырмага шайкештиги (текстти үнгө айландыруу)

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун  – “Silk Road” – тартылган сүрөт мазмунун аудио менен сүрөттөө (түшүндүрмө берүү);
  • 2-орун – “ТесhDragons” – аудио жана видео файлдарды 70 тилден кыргыз тилине которуу;
  • 3-орун – “DreamOn” – Гугл Кром браузерине кыргыз тилиндеги тексттерди окутуу мүмкүнчүлүгү (plugin extension).

Кызыктыруучу байгелер:

  • “Irun each team” – дары нускамаларын кыргыз тилинде аудио окуу;
  • “Инновация” – сүрөт тексттерин аудиого айлантуу;
  • “INAI” – тилди деңгээлдер боюнча үйрөтүү мобилдик колдонмосу;
  • “I-Hub” – IT тармагында окутуу ресурсу (веб/мобилдик колдонмо);
  • “Manas BM”  – предметтерди, тексттерди аудиого айлантуу мобилдик колдонмосу (которуу менен);
  • “Solo” – тандалган маалымат сайтынан акыркы кабарларды аудиого айландыруучу телеграмм-бот;
  • “Ийгилик” – көк бөрү компьютердик оюну үчүн кыргыз тилинде аудио коштоо.

Добавить комментарий