2024-жылдын 15-январында башкы имараттагы санариптик технологиялар залында ректор Төлөбек Абдырахманов тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө ректор академиялык репутация, илимий-метрикалык индекстер, академиялык мобилдүүлүк боюнча иштерди тездетүү, институттагы эл аралык чоң проекттердин ишин жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди. Төлөбек Абдырахманов о.э. Scopus базасында индексацияланган илимий журналдарга макалаларды чыгаруу, окуу куралдары менен окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгып, жарыкка чыгаруу, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата активдүү иш-чараларды өткөрүү талаптарын койду.

Андан соң институттун директору Туратбек Сырдыбаев институтта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады.

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев институттагы илимий иштердин жыйынтыгын тааныштыруу үчүн сөздү илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаевага берди. Ал бардык окутуучулук-профессордук курамдын илимий иштери, жарыяланган макалалары тууралуу отчет берди.

Жыйындын жүрүшүнө институттун окутуучулары менен ректордун жана илимий иштер боюнча проректордун ортосунда суроо-жооптор болду.

Добавить комментарий