2024-жылдын 14-февралында башкы имараттын чоӊ жыйындар залында Ооган согушунун аяктаганынын 35 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Жоокерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу залга киргизилипп, гимн аткарылган соң, афган согушунда курман болгондорду эскерүү мүнөтү жарыяланды.

Андан кийин КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов сөз сүйлөп, “Бул күндү майрам деп айтуу бир жагынан туура эмес, эскерүү күнү десек туура болчудай. Бул эмне болгон согуш, кандай согуш экенин жаштарга түшүндүрүшүбүз керек. Башка элде, башка жерде согуш болгонуна карабай, кыргыз жоокерлери, 18-19 жаштагы жапжаш жигиттер окко учкан, энелер чырактай уулдарынан ажырап сыздаган, аман калгандары ден соолугунан ажырады. Согуштка катышып, эрдик көрсөткөн ага-аталарыбызга, согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдиребиз. Алар бир гана ошол мезгилде эмес, азыркы күндө да эрдик көрсөтүп келе жатышат. Ага мисал: жакынкы эле Баткен окуясына өз эрки менен барып, чек араны коргоого катышты. Биз ар дайым сиздердин эрдикти баалайбыз. Урматтуу жаштар! Мындан ары дайыма тынччылык болсун, аталар көргөн катаал күндү силер көрбөгүлө, силер күч-кубатыӊарды, эрдигиңерди илим-билимге жумшагыла, эмгегиӊер менен эрдик кылгыла”, – деди.

Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Кадыр Уметов өзүнүн жана ардагерлер кеӊешинин атынан иш-чараны өткөрүп жаткан университеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, Ооган согушуна канча кыргыз жигиттери катышканы, канчасы курман болуп, канчасы аман-эсен мекенине кайтканы, ардагерлердин учурдагы абалы жана өзү жетектеген кеӊештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан соӊ кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Жумабеков Кубанычбек сөз сүйлөп, ардагерлерге ден соолук, узун өмүр каалап, уюмдун атынан Улуттук университетте эмгектенип жаткан Ооган согушунун алты ардагерине сыйлык тапшырылды. Алар: Бейшекеев А.М. – мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,  Дунганаев Т.С. – кесиптик колледждин окутуучусу,  Маматов А.Т. – чарба бөлүмүнүн башкы инженери, Мураталиев Р.Э. – башкы окуу имаратынын коменданты,  Уметов К.А. – юридика институтунун доценти жана Шамшиев А.Б. – кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору.

Профкомдун төрагасы о.э. студенттер арасында согуш темасында сүрөт тартуу жана эссе жазуу боюнча жарыяланган сынактын жеӊүүчүлөрүнө грамоталарды тапшырды.

Кесиптик бирлик комитети менен кадрларды кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогоруулатуу институту биргеликте уюштурган иш чаранын кийинки бөлүгү студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен уланып, патриоттук сезимди ойготкон ырлар аткарылып, монологдор окулуп, ардагерлерге жагымдуу манай тартууланды.

Добавить комментарий