2024-жылдын 13-февраль күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту жайгашкан 7-окуу имаратында Директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү. Окуу жайдын проректорлору, факультеттердин декандары, институттардын директорлору жана башка түзүм жетекчилери катышкан жыйында илим, билим, академиялык репутация жана мобилдүүлүк, илим менен өндүрүштүн байланышы, стартаптардын ишке ашырылышы жана электрондук документ жүгүртүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Отурумда ректор Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, Министрлер Кабинетинин алдындагы илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеште каралган маселелер тууралуу маалымат берип, илим багытында Улуттук университетте абдан ойлонто, уялта турган нерселер бар экендигин белгилеп, “Кээ бир факультеттерде көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча жалаң нөл экен. Негизи, мындай факультет, мындай декан, мындай кафедралар, ал турсун мындай окутуучулар болбош керек Улуттук университетте. Урматтуу кесиптештер, кыймылдаш керек!”, – деди.

– Эң кыйыны – илим, илимий метрика, илимий коллаборация жана академиялык репутация, – деп уланнты сөзүн Төлөбек Абдырахманов. – Бул тууралуу буйрук да чыккан. Башка университеттер, министерстволор, чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдериңер бар экен. Ошону толук бербепсиңер. Кээ бирөөңѳр болгон келишимиңерди билбейт экенсиңер. Мындай болбойт. Дагы барып карагыла – эмне келишимиңер бар. Таап чыксаңар, бизге да, силерге да жакшы болот. Жумуш берүүчүлөр менен абдан жакшы иштешиле. Мектеп – биринчи баскыч. Чет өлкөлүк, кыргызстандык университеттер,вуздар, эл арадык уюмдар менен түзүлгөн келишим, долбоорлордун баарын карагыла. Алар иштеш керек. Академиялык мобилдүүлүктү, илим менен өндүрүштүн байланышын, стартаптарды унутпагыла. Мен билгенден бизде аты бар, бирок кыймыладаган сартаптар жок.

Жыйындын жүрүшүндө КУУдагы окуу процессинин жүрүшү жана экономикага байланышкан башка маселелер да каралды.

Директорлор кеңешинин отуруму аяктагын соң, окуу жайдын жетекчилери кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда “Статус” илимий басмакана борборунун өкүлчүлүгүнүн ачылыш аземине катышты.

Директорлор кеңешинин отуруму

Өкүлчүлүгүнүн ачылыш аземи

Добавить комментарий