Өткөн дем алыш күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан Улуттук университеттин пансионатына барып, эс алуучу жайдын учурдагы абалын текшерип келди.

Кыдыруунун жүрүшүндө ректор пансионаттын бардык имараттарын, чарба курулуштарын жана пирсти текшерип, жайкы сезонго карата эс алуу жайынын абалын жакшыртуу үчүн зарыл болгон оңдоп-түзөө иштеринин, ага керектүү курулуш материалдарынын жана башка жабдыктардын сметасын түзүү боюнча тиешелүү түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Инспекциялык иш чарага о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов жана чарба бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Добавить комментарий