2024-жылдын 8-февраль күнү академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университетке келген Коркыт ата атындагы Кызылордо университетинин студенттери залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсияга барышты.

Ректордун тапшырмасы менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент жана академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө казакстандык студенттер үй-музейди кыдырып, Айтматов өзү урунган буюм-тайымдар, китепканасы, уктоочу бөлмөсү, тамактануучу бөлмүсү, иш бөлмөсү жана конок бөлмөсү менен таанышышты. Ч.Айтматов атындагы эл аралык фонддун менеджери Айгерим Керимканова үй-музейдин түптөлүү тарыхы, экспонаттар жана Ч.Айтматовдун өмүр баяны, жашоосундагы урунтту учурлары жана башка кызыктуу фактылар тууралуу айтып берди.

Коӊшу өлкөдөн келген студенттерге бул экскурсия ары кызыктуу, ары пайдалуу болуп, жан дүйнөсүнүн байышына, дүйнө таанымынын кеӊейишине салым кошуп, рухий азык берди жана дүйнө жүзүнө таанымал жазуучу тууралуу кенен маалыматка ээ болушуп, жакшы таасир менен кайтышты.

Добавить комментарий