2024-жылдын 9-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Соллаль” деп аталган Корей жаңы жылын тосуу аземи болуп өттү. Жыйынга Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза баштаган делегация, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин окутуучулары менен студенттери катышты.

Жаңы жылдык аземди эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков ачып, белгиленип жаткан майрам тууралуу кыскача маалымат берди жана сөз кезегин КУУнун ректоруна узатты.

Төлөбек Абдырахманов жыйында катышып отурган студенттерди, магистранттарды, окутуучуларды жана кореялык конокторду келе жаткан жаңы жыл менен ректораттын атынан куттуктап, “Бизде этникалык топтор, улуттар көп. Ошонун аркасы менен бир жылда бир нече жолу жаңы жыл тосуп, бири-бирибизди куттуктайбыз. Бул абдан жакшы нерсе. Мен силерге бардык жакшылыктарды каалайм. Биздин чакыруубузду кабыл алып, майрамдык аземге катышып жатканы үчүн Элчи мырзага жана башка конокторго ыраазычылык билдирем”, – деди. Ректор андан ары Кыргызстанда көптөгөн элчиликтер бар экенин, алардын баары жакшы иштеп жатканын белгилеп, “Бирок, башкалар таарынбасын, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги – эң активдүү элчилик. Студенттерибиз, магистранттарыбыз силерди бизден артык жакшы көрүшөт. Анткени, силердин көңүл буруп, колдоп жатканыңар алардын канатын күүлөп, шыктандырат. Биздин студенттер корей тилин, маданиятын, жада калса корей мыйзамдарын абдан кызыгуу менен үйрөнүп жатышат. Алардын саны барган сайын өсүүдө. Эртең эмне болорун билбей турган азыркы заманда достукта, ынтымакта болгон жакшы. Ошондуктан, урматтуу коноктор, мен силерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем жана жаңы жылда мындан да жакшы кызматташабыз деп ишенем”, – деди.

Жыйындын катышуучударын “Соллаль” майрамы менен о.э. Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ мырза, Бишкектеги Корей билим берүү борборунун директору Ким Джэ Ёнг мырза, Кыргызстандагы Түштүк-Корея ассоциациясынын президенти Ли Чангву мырза, Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин президентинин 1-орун басары Артур Пак мырза жана эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Казак кызы Нургүл куттукташты.

Майрамдын андан кийнки бөлүгү ЭАМжЧТ факультетинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланып, жаңы жылдык корей ырлары, бийлери аткарылды. Студенттер о.э. Корей жаңы жылы тууралуу презентация жасашып, “Баш ийүү” каадасын көрсөтүштү.

Добавить комментарий