2024-жылдын 8-февраль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Демократиянын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын жаңыдан дайындалган директору Нурбек Сатвалдиев менен жолугушту.

ПААнын өкүлү КУУнун ректоруна убакыт бөлүп, кабыл алып жатканына ыраазычылык билдирип, Парламенттер аралык ассамблея Улуттук университет менен жакшы иштешип жатканын, бул деген КУУ менен ПААнын ортосундагы кызматташтык тууралуу кол коюлган меморандум иштеп жатат дегенди билдирээрин белгилеп, “Жакында болуп өткөн КМШ алкагындагы кеңешмеде ушул маалымат айтылды. Анан биздин ПААнын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сизге ысык салам жолдоп, сыйлык тапшыруу боюнча атайын миссия менен жөнөттү. Анткени, “Парламентаризмди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштөөсүнүн укуктук базасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, эл аралык мамилелерди жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Төлөбек Абылович Абдырахманов «КМШ ПААнын юбилейлик медалы менен сыйлансын” деген чечим КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 2023-жылдын 16-ноябрында Бишкекте болуп өткөн Кеңешмесинде кабыл алынган. Ошол сыйлыкты тапшырып коюуга уруксат этиңиз”, – деди жана аталган сыйлыкты КУУнун ректоруна тапшырды.

Төлөбек Абдырахманов сыйлык үчүн КМШ ПААнын өкүлү Нурбек Сатвалдиевге рахмат айтып, “Улуттук унверситеттин атынан жетекчиликке ыраазычылык айтып койгула. Бул сыйлык – Улуттук университетке, анын ичинде тарых жана чөлкөм таануу институтуна көрсөтүлгөн ишеним, сый-урмат деп ойлойм. КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын быйылкы өтө турган жайкы мектебине жакшы даярданып, кызыктуураак уюштурганга аракет кылабыз. Дагы бир жолу чоң рахмат”, – деди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 24-30-июнь күндөрү КУУнун Ысык-Көлдөгү пансионатында КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Демократиянын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун “Санарип доорундагы шайлоолор” деп аталган Жаштардын электоралдык мектеби болуп, иш чарага Россия менен Кыргызстандан 35тен ашуун студенттери менен магистранттары катышкан.

Добавить комментарий