Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча КУУнун сайтына 2023-2024-жылдын Ноябрь-Январь айларында жалпысынан 385 миң 005 адам кирип, Октябрь-Декабрга караганда 53 миң 326га аз кирген.

Белгилей кетчү нерсе – өткөн жылдын июль айынан бери сайтка кирүүчүлөрдүн саны боюнча Улуттук университет өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ичинен 1-орунду ээлеп келген болсо, бул үч айлыкта алдыга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыгып, биздин университет 2-орунду ээледи.

1. Сайтка кирүүчүлөрдүн саны (Ноябрь-Январь, 2023-2024):

  1. КМТУ = 420 миң 686 адам
  2. КУУ = 385 005
  3. КММА = 229 936
  4. ОшМУ = 162 890
  5. КМАУ = 10 804

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.

2. Сайттардын рейтинги (Ноябрь-Январь, 2023-2024):

Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)

  1. КМТУ = 340 миң 202 орунда
  2. КУУ = 412 637
  3. КММА = 608 001
  4. ОшМУ = 664 320
  5. КМАУ = 4 879 717

Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)

  1. КМТУ = 506
  2. КМТУ = 572
  3. КММА = 963
  4. ОшМУ = 1 063
  5. КМАУ = 5 550

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайты 2 көрсөткүч боюнча да бул үч айлыкта 2-орунду ээледи.

Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен сайтка мындан да көбүрөөк кирип, окуу жайда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп туруңуздар.

Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен «Абалың кандай, knu.kg» рубрикасынан таанышууга болот.

Добавить комментарий