7-окуу имаратынын түндүк-чыгыш тарабында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин кызматкерлери (1-кабат) жана “Enactus” командасынын студенттери үчүн (жертөлө) кабинеттер бар болчу. Аты менен заты дал келбей калган кабинеттерге соңку убакта дээрлик эч ким кирчү эмес. Анткени, 1-кабаттагы кабинеттер орусча айтканда “более-менее” болгону менен, жертөлөдөгү кабинеттердин тамтыгы чыгып, шыбактары урап, “атканадан” айрымасы жок болуп калган.

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун тапшырмасы менен аталган кабинеттер толугу менен ремонттон өткөрүлүп, эшик, терезелери, полу, ал эмес шыбы да алмаштырылды. Жумуштар тендер аркылуу тандалган компания тарабынан жүргүзүлүп, соңуна чыкты.

Учурда, аталган кабинеттерде жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин кызматкерлери менен “Enactus” командасынын студенттери орун алып, кадимкидей иш алып барууда.

1-кабат (мурунку абалы, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана азыркы абалы)

Жертөлө (мурунку абалы, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана азыркы абалы)

Добавить комментарий