2024-жылдын 7-февралында тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын I-IV курстарынын студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барып, кыргыз парламентинин иши менен таанышты. Иш чаранын жүрүшүндө алар о.э. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы менен жолугушту.

Куратордун студенттер менен тарбиялык иштерди жүргүзүү максатында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндɵ студенттердин актуалдуу кɵйгɵйлɵрү талкууланып, суроо-сунуштары берилди..

Депутат айым студенттердин маселелерин ɵзүнүкүндөй кабыл алып, болушунча колдоо кɵрсɵтүп, жардам бергенге аракет жасаарын билдирди.

(С) Шаршенбек кызы Айпери – кафедранын ага окутуучусу

Добавить комментарий