2024-жылдын 7-февраль күнү кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек Казакстандын Батыш Казакстан облусунун Орал шаарындагы колледждин студенттерине “Дүйнөлүк тарых” дисциплинасы боюнча “Постбиполярдык дүйнөлүк тартип системасы” деген темада лекция окуду. Сабактын жүрүшүндө ал XX кылымдын  аягындагы дүйнөлүк биполярдык система жана эл аралык мамилелер, Казакстан менен Кыргызстандын мамилеси, эки өлкөнүн достугунун тарыхы тууралуу студенттерге айтып берди.

8-февралда кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек жана мугалимдери Батыш Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Сабиров менен жолугушту. Тараптар эки өлкөдөгү орто кесиптик билим берүүнүн күңгөй-тескейи менен учурдагы актуалдуулугун талкуулашты.

Каныбек уулу Ардакбек Кыргыз улуттук университетинин кесиптик колледжи Батыш Казакстандагы орто кесиптик окуу жайлары менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин белгилеп, тажырыйба алмашуу үчүн уюштурулган бул иш чараны жогору бааларын билдирди.

Ушул эле күнү кесиптик колледждин кызматкерлери академиялык эркиндиги бар, Казакстандагы баардык мектептерге методикалык окуу түзүмдөрүн түзгөн алдынкы мектептердин бири болуп саналган Нурсултан Назарбаев атындагы интелектуалдык мектепте болушту.

Мектеп директору Айдарбек Айтпукешев менен болгон жолугушууда тараптар эки өлкөдөгү орто кесиптик билим берүүнүн сапаты жана мектептерге кадрларды даярдоодогу мүчүлүштүктөр, окуу усулдук, тартиптик жана IT багыты, инновациялык техникалар, роботизация сыяктуу дисциплиналарды киргизүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

С) Отонбаева Рахима – методикалык иштер жана өндүрүштук практика боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий