2024-жылдын 7-февралында ректор Төлөбек Абдрахманов Казакстандын Коркыт ата атындагы Кызылордо университетинен келген өкүлдөр менен жолугушту.

Жыйынды окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек  Кыдыралиев ачып, КУУнун өкүлдөрүн конокторго тааныштырды жана сөз кезегин ректорго берди.

Төлөбек Абдрахманов эки тараптын кызматташтыгы алдыга жылып жатканына жана академиялык мобилдүүлук программасынын алкагында 2 жумага Улуттук университетке келген студенттер менен алардын жетекчилерин көрүп турганына кубанычта экенин билдирип, меймандарга окуу процесси менен эле чектелбестен, борбор калаадагы музейлерге, китепканаларга, театрга жана шаардын четинде жайгашкан лыжа базаларына барып, жаратылышта эс алып кетүүнү сунуштады жана экскурсияга чыгуу үчүн атайын микроавтобустарды университет камсыздап берээрин билдирди. Төлөбек Абдырахманов окуу башкармалыгы менен институттардын жетекчилерине меймандар үчүн окуу менен экскурсияны айкалыштырган кызыктуу программа түзүп, аны ишке ашырууну тапшырды.

Кызылордо мамлекеттик университетинин билим берүү программаларын координациялоо жана окуу процессин пландаштыруу бөлүмүнүн методисти Гаухар Суинтаева менен «Педагогика» билим берүү программасынын жетекчиси Бакытжамал Бекжанова жылуу тосуп алып, меймандос мамиле көрсөтүп жаткандыгы үчүн ректорго, университеттин жамаатына ыраазычылык айтып, Улуттук университетке келип, кызматташып жаткандарына кубанычта экенин билдиришти жана Кызылордо университетинен окууда, коомдук иштерде мыкты ийгиликтерге жетишкен жана президенттик стипендияга татыган студенттер тандалып келгенин айтышты.

Белгилей кетсек, Кызылордо университетинен 9 студент, 2 жетекчи келди. Алар Кыргыз улуттук университети менен Кызылордо университетинин ортосунда кызматташтык боюнча декабрь айында кол коюлган меморандумда каралган академиялык мобилдүүлүк  программасы боюнча 2 жума бою тайрыйба алмашып, Улуттук университеттин ишмердүүлүгү, окуу процесси менен таанышып, окуп кетишмекчи. Казакстандык студенттер 7-жатаканада жашашат.

Жолугушуунун соӊунда эки университет тууралуу видео-роликтер көрсөтүлдү.

Добавить комментарий