2024-жылдын 5-февралында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына келген Индонезиянын Видя Хамаб Махакам Дамары, Мухаммедия Сидоаржо университеттеринин өкүлдөрү доктор Арбаин жана доктор Мохаммад Танзил Мултазам менен жолугушууга барды. Тараптар Кыргыз-Индонезия илимий журналын ачуу, «Scopus» илимий басылмаларында макала жарыялоо маселелерин талкуулашты.

Андан кийин индонезиялык коноктор И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИге келишип, «Мугалим» педагогикалык илимий журналы менен таанышты жана «Scopus» илимий басылмалары боюнча кызматташуу жөнөндө меморандумга кол коюшту.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий