2024-жылдын 7-февраль күнү кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек Казакстандын Уральск шаарындагы Жаханша Досмухаммедов атындагы жогорку педагогикалык колледжинде аталган шаардагы колледждердин мугалимдери менен студенттерине “Орто кесиптик окуу жайларды эффективдүү башкаруунун системасы: артыкчылыктары жана маселелери” аттуу темада баяндама жасады.

Каныбек уулу Ардакбек Кыргызстандагы жана Казакстандагы орто кесиптик окуу жайларын башкаруудагы күңгөй тескейлер, о.э. КМШ өлкөлөрүндөгү орто кесиптик билим берүүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу айтып берди.

Семинарга Уральск  шаарындагы кесиптик колледждерди, Татарстандын Арск шаарындагы педагогикалык колледжи жана Улуттук университеттин кесиптик колледжи катышууда.

(С) Отонбаева Рахима – методикалык иштер жана өндүрүштук практика боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий