2023-жылдын 25-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында “Жайкы сессиянын жана 2023-жылдагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, Кыргыз Республикасынын илимине сиңирген ишмер, “Манас” орденинин ээси, академик, ф.и.д., профессор Мусаев Сыртбай Жолдошовичке, Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, академик Пивовар Ефим Иосифовичке жана математика жана информатика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к. Назаркулова Бурулжанга “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды.

Андан кийин илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев “КУУнун илимий изилдөө гранттары жөнүндө”, “КУУнун кызматкерлеринин Scopus жана Web of Science’те жарыялоо активдүүлүгүнө өбөлгө түзүү жөнүндө”, “”КУУнун илимий мектеп жөнүндө”, “КУУнун профессор-насаатчы жөнүндө” жоболору тууралуу билдирүү жасады.

Кыргыз улуттук университетиндеги аты аталган аудиториялар жөнүндө жобо каралган соң, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов социалдык-гуманитардык илимдер институтунун доценти, псх.и.к. Камчыбек уулу Мырзабек , п.и.к., доцент Качкын уулу Алтынбек тарабынан жазылган “Психологиялык-педагогикалык практикум: окуу куралы” аттуу окуу куралына министрликтин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизип, ОК мүчөлөрү макулдугун беришти.

Жыйындын соңунда жайкы сессиянын жана 2023-жылдагы мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары тууралуу окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев баяндама жасап, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө жаңы жылдык белек таратылды.

Добавить комментарий