2024-жылдын 6-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин студенттери менен жолугушту.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан уюштурулган жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов ачып, атайын убакыт таап, Улуттук университеттин студенттери менен жолугушууга келип бергендиги үчүн Жогорку Кеңештин депутатына ыраазычылык билдирип, “Урматтуу студенттер! Ушул өңдүү иш чаралар силерди шыктандыруу, дем-күч берүү максатында уюштурулуп келе жатат. Кызыктырган сурооңор болсо тартынбай берип, оюӊарды ачык билдиргиле”, – деди.

Эльвира Сурабалдиева алгач өмүр баяны, басып өткөн жолу тууралуу кыскача маалымат берип, жолугушууну андан ары суроо-жооп форматында улантууну сунуштады.

Студенттер коомдогу негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, койгон максатка жетүү, депутат айымдын саясатка аралашкандан берки ишмердүүлүгү, ал демилгелеген мыйзам долбоорлор, чет өлкөдө билим алуу жана башка кызыктырган суроолорун берип, терең, мазмундуу жана чын ыкластан айтылган жоопторду алышты. Олуттуу жана маанилүү суроо узаткан студенттерге депутат айым кызыктуу китептерди белек кылды. Эльвира Сурабалдиева КУУнун студенттерин шейшемби жана бейшемби күндөрү Жогорку Кеӊештин имаратына экскурсияга келип, кыргыз парламентинин иши менен таанышууга болоорун да билдирди.

3 сааттан ашык созулган жыйындын соңунда жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз жолугушуу студенттер үчүн өтө пайдалуу болгонун белгилеп, жолугушууга келип бергендиги үчүн Эльвира айымга ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Улуттук университеттин эле эмес, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде окуган студенттер да катышты.

Белгилей кетсек, Эльвира Сурабалдиева 2000-жылы Улуттук университеттин эл аралык мамилелер жана чыгыш тануу факультетин аяктаган.

Добавить комментарий