2024-жылдын 5-февралында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов “Самара Немец академиясы” компаниясынын директору Самара Джурабаеваны кабыл алып, кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун соӊунда ректор “Самара Немец академиясы”, “E&K Personaldienstleistung GMBH” иш берүүчү агентствосу жана Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду. Аталган келишимге Германиянын “E&K Personaldienstleistung GMBH» агентствосунун директору Х.Салман алдын ала кол койгон.

Документте германиялык агенттик менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, агенттиктин өкүлдөрү тарабынан студенттерге конок лекцияларды өткөрүү жана КУУнун бүтүрүүчүлөрүн адистиги боюнча Германияда ишке орноштуруу каралган.

“Самара Немец академиясынын” директорун о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексулатнов кабыл алды.

Иш чарага ПжКБ директору Замир Бакалбаев менен башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышты.

(С) Саматали кызы Акбермет – жетектөөчү адис

.

Добавить комментарий