2024-жылдын 1-февралында ректор Төлөбек Абдрахманов Кореядагы Пусан улуттук университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, профессор Ян Мин Чон мырзаны кабыл алды. Ректор Ян Мин Чон мырзаны Улуттук университетте көрүп турганына жана аны менен чогуу Пусан улуттук университетинин студенттери келгенине кубанычта экенин билдирип, алар 2 жума аралыгында орус тилин үйрөнүү менен бирге кыргыз эли, жери, маданияты, тарыхы менен да таанышып кетээрине ишенээрин айтты..

Ян Мин Чон мырза жылуу тосуп алгандыгы үчүн ректорго жана университеттин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Пусан улуттук университети мындан ары да кызматашууга даяр экендигин билдирди.

КУУнун тилдер академиясынын директору Тамара Симонович эки университеттин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча келишимдин алкагында Пусан университетинен 20 студент келип, 2 жума аралыгында орус тилин үйрөнүшөөрүн; учурда 9 студент келип, жакынкы убакта дагы 11 студент келээрин; эки күн мурда тил үйрөнүү курсу башталып, тест аркылуу алардын тил билүү денгээли аныкталып, тайпаларга бөлүштүрүлгөнүн; окутуу программасында тил үйрөтүүдөн тышкары жергиликтүү элдин маданияты, тарыхы менен тааныштыруу каралганын, анын алкагында студенттер атайын экскурсияларга чыгышаарын айтып, курс өтүүчү мугалимдер чет өлкөлүк студенттерди окутуу жаатында мол тайрыжбага ээ экенин билдирди.

Тил эки эл үчүн көпүрө экенин белгилеген тараптар тил үйрөнүү, бири-биринин маданияты менен таанышуу эки элдин достук мамилесин өркүндөтүүгө салым кошоорун, мамилелердин жакшырышына өбөлгө болоорун белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Төлөбек Абдрахманов менен Ян Мин Чон мырза студенттерди алмашуу, кош диплом программалары боюнча да кызматташууга кызыкдар экенин, бул багытта аракеттер көрүлөөрүн билдиришти.

Иш чарага о.э. административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков жана чет тилдер факультетинин окутуучусу Каныбек Олжобаев катышты.

Жолугушуу  эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департамент тарабынан демилгеленди.

Добавить комментарий