2024- жылдын 30-январында Улуттук университетке Корея Республикасынын Чонбук улуттук университетинен чоң делегация келди. Конокторду ректор Төлөбек Абдрахманов, окуу иштери боюнча проектор Жениш Бексултанов, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков тосуп алышты.

Андан соӊ делегация мүчөлөрү биринчи кабаттын фойесинде кыргыз жана корей улуттук аспаптарында аткарылган чыгармаларга күбө болушту.

Жолугушуунун расмий бөлүгү ректораттын жыйындар залында уланды. Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков жолугушуунун максаты тууралуу айтып, жолугушуунун катышуучуларын тааныштырды жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдрахмановго берди. Ал Чонбук улуттук университетинин өкүлдөрүн көрүп турганына кубанычта экенин билдирип, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын KOPIA уюму менен биргеликте иш алып барып жаткан ботаникалык бакча тууралуу маалымат берди. Ректор о.э. Улуттук университет бир катар кореялык жогорку окуу жайлар менен иш алып барып, бул багытта тайрыжба бар экендигин, андыктан эки тараптын кызматташуусуна мүмкүнчүлүктөр чоӊ экенин билдирди.

Чонбук улуттук университетинин эл аралык кызматаштык боюнча вице-президенти Чо Хварим айым жылуу тосуп алып, меймандос мамиле көрсөткөндүгү үчүн ректорго ыраазычылык билдирди жана өзү иштеген университет тууралуу маалымат берип, аларда айыл-чарба институту бар экенин жана жогоруда сөз болгон ботаникалык бакча менен иш алып барууга болоорун айтты.

Андан ары тараптар билим берүү тармагында эки университеттин ортосундагы кызматташтык, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, корей тили боюнча онлайн курсту жана корей институтун ачуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ Чонбук улуттук университетинен келген делегация мүчөлөрүнѳ Улуттук университеттин ботаникалык бакчасында өстүрүлүп жаткан кулпунайлар сунушталды. Коноктор тамшануу менен ооз тийишип, Кореяда өстүрүлгөн кулпунайга караганда таттуу экендигин  белгилешти.

Жыйындын соңунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Чонбук улуттук университети менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол койду. Документ Чонбук улуттук университетинин президенти Ян О Бонг мырза кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Ректор менен жолугушуудан кийин Кореядан келген коноктор башкы имараттагы жана 5-окуу имаратындагы корей тилин үйрөнүү кабинеттери менен таанышты.

Иш чараларга о.э. Чонбук улуттук университетинин эл аралык иштер боюнча вице- президенттин орун басары Пак Сон Ен, президенттин тил багытында билим берүү боюнча орун басары Ким Чжунсу, эл аралык байланыштар боюнча директору Бэ Джинсук, административдик кызмат боюнча координатору Ли Донгнион, эл аралык иштер башкармалыгынын координаторлору Ким Инсу, Ли Хеджае, тил борборунун координаторлору Ли Минхюнг, Чо Дасом, FavorsCamp директору Чин Иль Нам, FavorsCamp башкы менеджери Аскарбекова Элиза, КУУнун окуу иштери боюнча проектору Жениш Бексултанов, административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, чет тилдер факультетинин деканы Зухра Гузиева, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Казак кызы Нүргүл катышты.

Жолугушуу эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департамент тарабынан демилгеленди.

Добавить комментарий