2024-жылдын 22-25-январь күндөрү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова Талас мамлекеттик университетинин студенттерине, магистранттарына жана окутуучуларына “Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүктөрү”, “Мугалимдик имидж” деген темаларда конок лекция өтүп келди.

Конок лекция угуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, абдан жакшы бааланды. ТалГУнун студенттери, магистранттары жана окутуучулары Рахат Сулаймановага ыраазычылык билдиришип, мындан кийин да конок лекцияларды өтүп берүүнү суранышты. Талас мамлекеттик университетинин жана окуу жайдын алдындагы колледждин жетекчилиги Р.Т.Сулаймановага ыраазычылык кат тапшырып, мындан аркы кызматташуунун багыттары тууралуу сүлөшүүлөр болду.

Эскерте кетсек, мындай конок лекция Рахат Сулайманова тарабынан аталган окуу жайдын магистранттарына жана окутуучуларына 2023-жылдын 7-июлунда да окулган.

(С) Айжан Кыдыралиева – И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий