Мурда кабарлангандай, кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө 2024-жылдын 25-январында студент жана магистранттар үчүн “Түркологиялык окуу – I” аталышындагы онлайн лекциялардын цикли башталды.
“Түркологиялык окуу” программасын ишке ашыруу үчүн Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын түрколог окумуштуулары тартылды.
Катталуу үчүн https://docs.google.com/forms/d/1TkBdz9DEEZDuFHrDBHEeCrS9Isy-wJy1aVG25d3W4jk/edit?usp=forms_home&ths=true шилтемесин басыңыз.
Лекция төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
1. Егана Кахраманова (Баку/Азербайжан) – Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти. Темасы: “Түрк элдеринин азыркы мезгилдеги улуттук тили жана улуттук иденттүүлүк маселелери». 25.01.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/iei-mkqv-tox
2. Рохила Рузманова (Самарканд/Өзбекстан) –Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекетинин университети, Түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент. Темасы: “Самарканд түркологиялык мектеби”. 01.02.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/hsb-obnq-oud
3. Митат Дурмуш (Карс/Түркия) – Кавказ университетинин профессору. Темасы: “Байыркыдан бүгүнкүгө чейинки тил жана адабият – Түрк дүйнөсү”, 08.02.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/itf-xpko-ers
4. Нурдин Усеев (Астана/Казакстан) – Түрк академиясынын доценти. Темасы: “Манас эпосу жана байыркы түрк (битиг) жазма эстеликтери”, 17.02.2024. саат: 11:00.
Google Meet https://meet.google.com/kvp-bufm-kbp
5. Абдүлмукаддес Кутлу (Диярбакыр/Түркия) – Дижле университетинин улук окутуучусу. Темасы: “Ван кыргыздары жана Рахманкул хан”, 22.02.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/uvq-gxxn-yom
6. Гулжанат Курмангалиева Эржиласун (Анкара/Түркия) – Анкара Хажы Байрам Вели университетинин профессору. Темасы: “Орто Азияда агартуучулук (XX к. башы)”, 27.02.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/btc-fhie-ybc
7. Озан Йылмаз (Бишкек/Кыргызстан) – Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор. Темасы: “Классикалык түрк адабиятынын жайылуу арэалы”, ”, 04.03.2024. саат: 14:00.
Google Meet https://meet.google.com/hyb-uaxn-mjn
Белгилей кетсек, “Түркологиялык окуу – I” 4-мартка чейин созулат.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы