2024-жылдын 29-январь күнү ректораттын жыйындар залында Кыргыз улуттук университети менен Синьцзян педагогикалык университетинин алдында түзүлгөн Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин 12-отуруму болуп өттү. Жыйынга катышуу үчүн Синьцзян педагогикалык университетинен окуу жайдын педагогикалык комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чжиён мырза жетектеген чоң делегация келди.
КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алыстан ат арытып келген кытайлык кесиптештерине ыраазычылык билдирип, келе жаткан Кытай жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ректор кытай делегациясынын мүчөлөрүнө Башкаруу кеңешинин 12-отурумуна катышуучу КУУнун жетекчилерин тааныштырган соң, – Келгениңиздер жакшы болду. Конфуций институтунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшөбүз. Жакшы, жаңы нерселерди байштайбыз. Биздин Конфуций институту дүйнөдөгү Конфуций институттарынын мыктысы болуш керек. Ал үчүн силердин колдоо керек, – деди.
Синьцзян педагогикалык университетинен педагогикалык комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чжиюн мырза КУУ менен СПУ көп жылдан бери кызматташып келе жатканын, Улуттук университетке келген максаты – мындан да тыгыз иштөө үчүн көптөгөн темалардын үстүндө сүйлөшүү экендигин айтып, өзү жетектеген делагация мүчөлөрүн тааныштырды.
Саламдашуу аземинен кийин Кыргыз улуттук университети менен Синьцзян педагогикалык университетинин алдында түзүлгөн Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин 12-отуруму болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды жана документтерге кол коюлду.
Сүйлөшүүлөргө о.э. СПУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Хан Цжион, эл аралык алмашуу институтунун директору Лю Вэйцян, Конфуций институттарынын координатору Ван Пенг, география жана туризм институтунун директорунун орун басары Ван Йонхуи, илимий бөлүмүнүн орун басары Ян Сайсун, кадрлар бөлүмүнүн орун басары Чжан Ансин, КУУнун Конфуций институтунун кытай тараптан директору Чен Чжигуо, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов, ректораттын аппарат башчысы Мирбек Айтымбетов, о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков катышты.