2024-жылдын 24-январында Улуттук университетте “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Борбор 5-окуу имаратынын 121-кабинетинде  ачылып, кызыл тасманы Жогорку Кеӊештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Улуу Британиянын “Anglia Examinations” сынак борборунун расмий өкүлү Мартин Клотз мырза кесишти.

Ачылган борбордо болуп өткөн чакан жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков, республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаматов студенттерге жана мугалимдерге тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткан борборго ыраазычылык билдиришип, борбордун ишине ийгиликтерди каалашты. Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмаилов долбоордун иши алгылыктуу болсун деп батасын берди.

Иш-чаранын расмий бөлүгү чоӊ жыйындар залында уланды. Модератордук милдетти “Anglia Examinations” борборунун Кыргызстандагы өкүлү Тилек Үркүнчиев аркалап, сөздү ректор Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал жогорку окуу жайлардын арасынан алгач Улуттук университетти тандап алып, долбоорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн Тилек Үркүнчиевге ыраазычылык билдирип, бул долбоор студенттер үчүн келечектүү, мүмкүчүлүгү чоӊ долбоор экенин белгиледи жана тил билүү менен көптөгөн эшиктер ачыларын айтып, студенттерди тил үйрөнүүгө чакырып өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров англис тилин билүү – заман талабы экенин баса белгилеп, бул долбоор тил үйрөнүүгө чоӊ салым кошоорун, тил билген жаштардын келечеги кеӊ болуп, өлкөгө пайда алып келээрин билдирди. Башкармалык башчысынын айтымында, министрлик дагы бул багытта иш алып барып, окуучу, студенттер гана эмес мугалимдерге да тилди үйрөтүү аракетин жүргүзүп жатат.

Куттуктоо сөздөрүн о.э. Улуу Британиянын “Anglia Examinations” сынак борборунун расмий өкүлү Мартин Клотз мырза менен Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмалиловдор айтышты.

Жыйындын жүрүшүндө Тилек Үркүнчиев менен Мартин Клотз мырза кыргыз жана англис тилдеринде презентация жасап, “Anglia Examinations” долбоорунун аткарган иштери, багыттары тууралуу студенттерге жана мугалимдерге толук маалымат беришти.

Алардын айтымында, аталган долбоор тестирлөөдөн тышкары төмөнкү багыттарда  иш алып барат:

  1. Англиянын университтетеринде онлайн окуу аркылуу кош дипломдуулук;
  2. “Anglia Examinations” борборунун 5 деӊгээлден турган тил үйрөтүү китептери;
  3. Англис тилин тестирлөө борборлору;
  4. Улуу Британияда 2 жумадан 6 жумага чейин окуу үчүн балдар жана студенттер үчүн жайкы программалар;
  5. Мугалимдердин квалификациясын Улуу Британияда жогорулатуу;
  6. Кыргызстандан чыкпай эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу.

Эл аралык тестирлөө борборунун ачылыш аземи

Иш-чаранын расмий бөлүгү

Добавить комментарий