2024-жылдын 24-январь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Dabang International Education компаниясынын башкы директору Тау Жи Ган мырзаны кабыл алды. Ректораттын жыйындар залында өткөн жолугушууда тараптар Кыргыз улуттук университети менен Dabang International Education компаниясынын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты.

Кытайдын Хэнань провинциясынан келген конок өзү жетектеген компания 1998-жылы негизделгенин, анын миссиясы – Кытай менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн ортосундагы билим алмашууну илгерилетүү жана көмөктөшүү экенин жана компания дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү университеттер менен кызматташаарын белгилеп, Кытайдан Кыргызстанга, анын ичинде Улуттук университетке да студенттерди алып келүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ректор Улуттук университетте Кыргыз-Кытай, Конфуций, Жибек-Жолу институттары иштеп жатканын, ал жерде кытайлыктар негизинен магистратура менен PhD-докторантурада окушаарын, ректор катары кытайлык компания менен иштешүүгө макул экендигин билдирип, калган маселелерди чечүү үчүн университеттин тиешелүү түзүмдөрүнө тапшырмалар берилээрин айтты.

Белилей кетчү нерсе – эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков да катышкан иш чаранын котормочулук милдетин орус жана славян филологиясынын студенттери аркалашты.

Добавить комментарий