2024-жылдын 22-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Жогорку Кеӊештин  депутаты Эрулан Көкүлов Улуттук университеттин активист студенттери менен жолугушту.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент менен студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтү тарабынан уюштурулган жыйынды аталган департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу ачып, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов атайын убакыт таап, КУУнун студенттери менен жолугушууга келип бергендиги үчүн Жогорку Кеңештин депутатына ыраазычылык билдирди.

Эрулан Көкүлов өзүнүн студенттик жылдары, окуусун аяктагандан кийин таксист болуп иштегени, дайыма журналист болууну кыялданып, атасынын каршы болгонуна карабай кыялына жеткендиги, “Не сахар” долбоорунун идеясынын пайда болушу жана анын ишке ашышы, саясатка кантип аралашып, кантип депутат болгондугу тууралуу айтып берди.

Депутат ар бир адамда патриоттук сезим болушу керектигин, эгер адамда каалоо болсо колунан баардык нерсе келээрин баса белгилеп, студенттерди жалкоолонбой тереӊ билим алууга, убакытты туура пайдаланып, эмгекчил болууга, коомго, мамлекетке пайда алып келүүчү иштерди кылууга чакырды.

Андан кийин студенттер өздөрүн кызыктырган ар кыл темадагы суроолорун узатып, жоопторун алышты. Жолугушуу эркин форматта болгондуктан, студенттер өз пикирлерин, көз-караштарын таамай билдиришти жана коомдогу актуалдуу маселелер боюнча кызуу талкуу жүрдү.

Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов Улуттук университетти 2009-жылы аяктап, «Экономист» квалификациясын алган.

Добавить комментарий