2024-жылдын 22-январь күнү Төлөбек Абдырахманов ректораттын курамына кирген түзүм жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылда бүтүрүлгѳн иштер, берилген тапшырмалардын аткарылышы жана быйылкы жылга коюлган пландар тууралуу сөз болду.

Ректор ар бир түзүм жетекчисинин иши тыкыр көзөмөлгө алынаарын баса белгилеп, алардын аткарган иштери тууралуу кыскача маалымат алды жана калган маалымат алдыда боло турган отчет тапшыруу учурунда угулаарын билдирип, отчетко жакшы даярданууну эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө университетте жүргүзүлүп жаткан оӊдоп-түзөө иштерин тездетүү, бухгалтерия менен чарба бөлүмүнүн штаттык бирдиктерин оптималдаштыруу, факультеттер менен институттардын каржылык абалы, менеджерлер менен лаборанттардын санын студенттердин санына ылайыкташтыруу, кафедраларды бириктирүүнүн жыйынтыгы, студенттер үчүн окуу китептеринин электрондук вариантын даярдоо жана басып чыгаруу, эл аралык аккредитацияга даярдануу жана академиялык мобилдүүлүктүн масштабын кеңейтүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Кеңешмеге окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов жана башка түзүм жетекчилери катышты.

Добавить комментарий