2024-жылдын 18-19-январь күндөрү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган “Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары-3” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, семинардын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалары тууралуу айтып берди.
Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан семинар борбор калаада жайгашкан жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын башын бириктирип, тилдерди окутуунун методу, заманбап шарттарга ылайыкташтырып билим берүүдө жаңы технологияларды жеткиликтүү деӊгээлде колдоно билүү, чет элдик студенттерге кыргыз тилин окутуу усулу, тилдерге байланышкан маселелер жана пайда болгон суроолорго биргеликте жооп табуу, орток пикирге келүү жана тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.
Тренингдин биринчи күнүндө төмөндөгү лекциялар окулду:
- Сапаргүл Наралиева – Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти: “Жогорку окуу жайларында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн маселелери”;
- Сыртбай Мусаев – академик, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору: “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун көйгөйлөрү”;
- Гульнура Иренчиева – PhD докторант, “Ала-Тоо” эл аралык университетинин ага окутуучусу: “Применение множественного интеллекта в обучении языка”;
- Софья Апаева – кыргыз-кытай институтунун директору, доцент жана Ма Дюан – кыргыз-кытай институтунун кафедра башчысы: “Санариптик технологияларды колдонуу”.
Лекциялардан кийин КУУнун башкы адиси Жумагүл Кашкабаева жаӊы ачылган смарт-класста “Электрондук билим берүү ресурстары. Smart Classroom” деген темада мастер-класс өттү.
Тренингдин экинчи күнү ф.и.к., Ала-Тоо” эл аралык университетинин квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору Кундуз Жузупекова менен аталган университеттин PhD докторанты Элира Турдубаева “Жасалма интеллектти билим берүү системасында колдонуу” деген темада мастер-класс өтүп, катышуучулар үйрөнгөн көндүмдөрүн практикалашты.
Лекциялар угуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болуп, пикир алмашуу жана суроо-жооп форматында талкуулар болду.
Семинардын соңунда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан атайын убактыларын бөлүп, пайдалуу жана керектүү маалыматтары, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүгү үчүн лектор-тренерлерге алкыш айтып, Улуттук университеттин ыраазычылык каттарын тапшырды. Катышуучулар жасалма интеллект тууралуу кенен түшүнүккө ээ болуу менен бирге бул тармакка кызыгуулары ойгонгонун белгилешип, ыраазычылыкт билдиришти.
Белгилей кетсек, тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологияларына арналган бул семинар 5-ирет өткөрүлдү.