Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасында “550300 – Филологиялык билим берүү” багытынын 2-курс магистранттарынын илимий-изилдѳѳ практикасынын жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган практиканын жыйынтыгы боюнча отчетту курамына кафедранын профессорлору Ж.Чыманов, Б.Байсабаев, доценттер Б.Оторбаев, А.Джаманкулова жана ага окутуучу, п.и.к. Ж. Аскар кызы кирген комиссия кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө отчеттор боюнча кеӊири талкуу болуп, алымча-кошумчалар, сунуш-пикирлер айтылды. Профессор Ж.Чыманов “Магистрлик иш жазуу боюнча методикалык колдонмого” ылайык магистрлик диссертацияларга коюлган талаптар боюнча билдирүү жасады.

Комиссия мүчөлөрү магистранттар профессор К.К.Сартбаев атындагы кабинеттеги илимий-методикалык адабияттарды пайдаланып жатышкандыктарын белгилеп ѳтүштү.

Илимий-изилдѳѳ ишин жазуу боюнча комиссия мүчѳлѳрү берген маалыматтар магистранттар үчүн пайдалуу болду.

(С) Б.Оторбаев – кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Добавить комментарий