2023-жылдын 26-декабрында КУУнун чоң жыйындар залында А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институту тарабынан Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор Асанова Айсалкын Асановнанын жаркын элесине арналган «Туруктуу өнүгүүнүн талабында санариптештирүү, инновациялык менеджмент жана экономика» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйынга Айсалкын Асановнанын замандаштары, соратниктери, тарбиялап чыгарган илимдин докторлору, кандидаттары, Сербия, АКШ, Англия, Орусия, Чехия, Казахстандагы кесиптештери, докторанттар жана магистранттар катышты.
Конференцияны КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов ачып, маркум Асанова Айсалкын Асановнанын басып өткөн эмгек жолун эскерди жана иш-чаранын демөөрчүсү болгон уул-кыздарына, уюштуруучуларга, алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келген катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, конференцияда каралган макалалардын алтымышы “Известия вузов” журналына, беш макаласы SCOPUS журналдарынын бирине басылып чыгышына А.Асанованын үй-бүлөсү тарабынан демөөрчүлүк көрсөтүлөт.
А.А.Асанова менен убагында чогуу иштеген, үй бүлөлүк досторунун бири, коомдук ишмер, Кыргыз Эл баатыры Медеткан Шеримкулов эскерүү сөзүндө Айсалкын Асановнанын илимде эле эмес, инсан катары да көп өзгөчөлүктөрүн баса белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирен кызматкер, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, үй бүлөлүк досторунун бири Карыпбек Алымкулов өз сөзүндө А.А.Асанованын бир мүнөздүү инсан жана жогорку деңгээлдеги окумуштуу экендигин тастыктап, жашоодогу кээ бир учурларына токтолуп өттү.
Казакстан Республикасынын Нархоз университетинин президентинин кеңешчиси, окуу иштери боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Самажан Умирзаков өз сөзүндө А.А.Асанова Нархоз университетинде көп жылдар бою диссертациялык кенештин мүчөсү катары иш алып барганын, кесиптик жактан жогорку денгээлдеги адис болгонун белгиледи. Кыргыз эли үчүн гана эмес Казак илиминде жаш муундарды тарбиялап чыгарууда илимий жетекчи катары орду басымдуу экенин баса белгиледи.
Сербия өлкөсүнүн коомдук саламаттыкты сактоо жана башкаруу боюнча доктору (PhD), Белград университетинин медицина факультетинин профессору Весна Бьегович-Миканович А.А.Асанова жөнүндө видео-кайрылуу жасады. Ал профессордун акыркы жылдардагы Швейцариялык проектинин алкагында алып барган иштерин, маанилүү ордун жана салымын кенен баяндап берди.
А.А.Асанова өстүргөн кадрлардын бири, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Татиков А.А.Асанова талапты катуу койгон, туура жол көрсөтө алган окумуштуу-насаатчы катары кесиптик жактан жетилүүдө орду басымдуу экенин айтты.
Институттун партнеру, Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университеттен экономика илиминин доктору, профессор, Макыш Серик Биханулы (Казакстан Республикасы) онлайн форматта конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап кетти. Ал эскерүүсүндө Асанова А.А. креативдүү уюштуруучу катарында да эки окуу жайдын ортосунда көп кызматташуу жумуштары аткарылгандыгын, профессор А.Асанованын илимий мектеби Казахстанда да түзүлгөндүгүн, илимий жетекчилиги астында докторлугун жактагандарды белгилеп кетти.
А.А.Асанова атындагы МБИнин директору, конференциянын модератору, э.и.к., доцент Меримкуль Керимкулова баардык меймандарга, катышуучуларга, демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирүү менен пленардык жыйынды улантты.
Пленардык жыйында доклад окугандар:
- Андреас Жозеф – Англия банкынын өкүлү, экономист – изилдөөчу, темасы: “Мамлекеттик саясатта жасалма интеллекттин ролу жөнүндө ой жүгүртүү”;
- Нуржан Жумабаев, ЕБРРдин башкы социалдык эксперти, темасы: “Санариптештирүү, экологиялык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн отчёттору жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу өнүгүүсү”;
- Дэвид Уильямс, Великобританиянын ден соолукту көзөмөлдөө агенттигинин алдынкы биоинформатиги, доктор (PhD), темасы: “Улуттардын ден соолугу жана бакубатчылыгы: саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы чакырыктарга даярдануу”;
- Кыдыралиев Сыргак Капарович, Орто Азиядагы Америкалык Университетинин экономика илимдеринин доктору, темасы: “Прогресстин поездин өткөрүп жибербеңиз”;
- Шатманов Искен Садыбакасович, А.Асанованын шакирти, экономика илимдеринин доктору, темасы: “Өлкөнүн өнүгүүсүн институционалдык талдоонун теориялык жана методологиялык аспектилери”;
- Атышев Көбөгөн Атышевич, М.Рыскулбеков атындагы Улуттук изилдөө университетинин илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, темасы: “Кыргыз Республикасында туристтик бизнести мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү”;
- Абдыров Төлөнбек Шакирович, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан эл аралык университетинин «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын башчысы, темасы: “Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кластердик өнүгүүнүн таасири”.
Пленардык жыйындагы каралган темалар профессор А.Асанованын илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсүнө кирет.
Пленардык отурумдун соңунда катышуучулар А.А. Асанова атындагы МБИнин мультимедиалык залынын ачылыш аземине катышты (№8-корпус, 417-ауд.). Аталган залдын оңдолушу жана жабдылуусу А.А.Асанованын балдарынын финансылык жардамы жана ректораттын колдоосу аркылуу ишке ашырылды. Ошондой эле “А.Асанова атындагы стипендиялык фонддун” сертификаты менеджмент жана бизнес институтунун директору, э.и.к., доцент Меримкуль Керимкуловага тапшырылды.
Ректор Төлөбек Абдырахманов ачылган мультимедиалык жыйындар залы А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтуна кадрларды сапаттуу даярдоого, илимий потенциалын жана эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун белгилеп, институттун жамаатына жаңы ийгиликтерди каалоо менен бирге, Айсалкын Асановнанын уул-кыздары Кубат, Мерим, Жылдыз Сеитбековдорго ыраазычылык кат тапшырды.
Андан соң конференция күн тартиби боюнча төмөнкү секцияларда улантылды:
Секция 1. “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү менеджменттин жана бизнестин ролу” (КУУнун башкы имаратынын чоң залында);
Секция 2. «Заманбап бизнес-технологияларды глобалдаштыруу: маркетинг, логистика жана сапатты башкаруу» (КУУнун башкы имараты, 247-кабинет);
Секция 3. “Учурдагы жашыл күн тартиби – экологиялык өнүгүү багыты”
(КУУнун башкы корпусу, 248-кабинет);
Секция 4. “Өлкөнүн каржы системасындагы заманбап чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” (КУУнун башкы корпусу, 248-кабинет);
Секция 5. «Инновациялык экономикадагы бухгалтердик эсеп жана салыктар» (КУУнун башкы корпусу, 231-кабинет);
Секция 6. «Санариптик трансформация доорундагы башкаруу жана коомдук инновациялар (социалдык-укуктук аспект)» (№8-корпус, 417-ауд.).
Секция 7. “Инновациялар жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн глобалдык келечеги” (№8-корпус, 417-ауд.).
Ар бир секцияда багыттарына жараша актуалдуу маселелер, ойлор, сунуштар талкууланды.
Конференциянын соңунда баяндамачыларга жана катышуучуларга сертификаттар жана алкыш баракчалар тапшырылды.
(С) Батырбекова Ж.К. – илимий иштер боюнча директордун орун басары